Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Жубайын тепкилеп, чачынан сүйрөп, токмоктоого шектүү киши кармалды, деп маалымдады Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы. Буга чейин окуянын видео тасмасы социалдык тармакка тараган.
Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Милиция шектүүнүн өздүгүн аныктаган. Ал 1999-жылы туулган Ч.Ф. аттуу жаран болгон. Суракта ал жубайын кызганычтан улам токмоктогонун айткан. Жабырлануучу Р.Д. арыз жазуудан баш тарткан. Бирок ага карабай, эркек кишиге карата милициянынаймактык башкармалыгы тарабынан КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси менен протокол түзүлүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда текшерүү уланууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды