Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Курманжан датка көчөсүн кеңейтүүнүн алкагында 45 курулуш бузулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Мэр Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар жана «Технотоп» ЖЧКсы менен биргеликте Курманжан датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен У.Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүн текшерди.
Бул аймакта жолду оңдоо менен бирге жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери да жүргүзүлүүдө.
«Курманжан датка көчөсүн кеңейтүүнүн алкагында 45 курулуш бузулат. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына тоскоолдук жараткан курулуштардын ээлери менен иш баштоо тапшырылды», – деп айтылат маалыматта.
Муниципалдык инспекцияга жана «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик ишканасына имараттардын сырткы көрүнүшүн дизайн-кодго ылайык келтирүү боюнча курулуш ээлери менен иш жүргүзүү тапшырылды.
Текшерүү учурунда кызматтарга жарыктандыруу, көрктөндүрүү, тротуарлар жана санитардык нормалар боюнча да тапшырмалар берилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды