Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Жогорку Кеңеш 30-апрелде «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Мыйзам долбоорун 76 депутат колдоп, бирөө каршы добуш берди, жыйында жалпысынан 85 депутат катталган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу, Жайлообай Нышанов.
Мыйзам долбоору боюнча, ар бир округдан Жогорку Кеңештин үч депутаты шайлана турган 30 округ түзүү сунушталууда: 1 округдан эки эркек жана бир аял шайланат.
Саясий партиялар талапкерди съездинде жашыруун добуш берүү аркылуу көрсөтөт. Талапкерлер кайсы округда ат салышары көрсөтүлүшү керек.
Саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттыгына мүчөсү болуп саналбаган КР жаранын көрсөтүүгө укуктуу.
Саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттыгына башка саясий партиялардын мүчөсү болгон жарандарды көрсөтүүгө укуксуз.
Саясий партиялар үчүн шайлоо күрөөсү 9 млн сомду, партияга кирбеген талапкер үчүн 300 миң сомду түзөт. Андан кийин каттоодон өтүшөт. Талапкерлер каттоодон өтсө да, өтпөсө да каражат кайтарылбайт.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер бир гана округдагы шайлоого катышат. Шайлоо күрөөсү ага да кайтарылбайт.
Ошондой эле талапкерлерге 1000ге чейин үгүтчү жалдоого уруксат берүү сунушталууда.
Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты бош калганда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Анын ордуна округда шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер келет.
Эгерде айым депутаты мандатын тапшырса, анын ордуна шайлоочулардын эң көп добушун алган айым талапкер келет.
Бул республикалык бюджеттин үнөмдөө максатында жасалууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды