Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Борбордук шайлоо комиссиясы 30-апрелдеги жыйынында Кара-Кулжа, Сокулук, Кемин райондорунун жана Кара-Балта, Кызыл-Кыя шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү чечимдерин бекитти.
Ошондой эле бошогон мандаттарды тизме боюнча кийинки талапкерлерге берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, алардын мандаттары кийинки талапкерлерге берилди:
Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылдык кеңешинен Таалайбек уулу Камбардын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Кожобаев Асанбек Токтогуловичке берилди.
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Ишеним» депутаттык фракциясынан Тохтыев Нурмухамат Элахуновичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Баратов Эрик Керимбековичке берилди.
Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинен Чомоков Жанжалбек Сатаркуловичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Бекболотова Асел Асанжановнага берилди.
Кемин районунун Чым-Коргон айылдык кеңешинен Кабаев Алтынбек Аскаровичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Төлөгөнов Таалайбек Төлөгөновичке берилди.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «НДПК» депутаттык фракциясынан Алимбекова Тахмина Жусуповнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Кулматова Калдык Калмурзаевнага берилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды