Главная страница » Жарандар маалым кат ала албай, самсаалап ар бир мекемеде кезекте турушат,

Жарандар маалым кат ала албай, самсаалап ар бир мекемеде кезекте турушат,

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Калкты тейлөө мекемелеринде санариптештирүү начар жүрүп жатат, деп билдирди депутат Камила Талиева («Ата Журт—Кыргызстан») бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда.

Депутат биринчи класска кирүү үчүн электрондук кезекке турууда көп маселе жаралып жатканын белгиледи.

Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов мамлекеттик мекемелерде санариптештирүү «жакшы эле» жүрүп жатканын айтып, акыркы иштер катары мектепке онлайн жазылуу, никелешү тууралуу күбөлүктүн санарип версиясы, унааны жана кыймылсыз мүлктү онлайн каттоо сервистерин атады.

Депутат иш начар жүрүп жатканын айтты.

«Ал эмне эми “жакшы эле” жүрүп жатат деген? Бул министрдин сөзү эмес да. Жакында эле мамлекеттик нотариуска барып 2,5-3 саат кезекте турдум. Түндүктү өркүндөтүшүңөр керек. Поликлиникаларда жарандар 1 суткалап кезекте турган учурлар болуп жатат.

Санариптештирүү деп жүрүп бир президент кетти. Эми дагы деле ошол таз кейпиңерди кийип отурасыңар. Жарандар жөнөкөй бир маалым кат ала албай ар бир мекемеде жүрүшөт, самсаалап. Ишиңер 2 коё турчу иш. Эл берсин бааны, чыгыңызчы элге! Регионду кыдырдыңар беле?», – деди ал.

Министр саламаттыкты сактоо тармагы менен наркология жана психдиспансердин маалым катын онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып, эми №083 маалым катын да онлайн алууга мүмкүндүк түзүү үчүн иштер жүрүп жатканын маалымдады.

«Билесиз, маалым катта 15тей дарыгердин тыянагы чыгарылат. Аны санариптештирүү үчүн кичине убакыт керек. Эң эле талап болгон маалым каттарды биринчи кезекте жасап жатабыз. ИИМ бере турган соттуулук тууралуу маалым катты да жаңыртып чыгардык», – деди Жамангулов.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz