Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Биринчи май райондук соту 25-апрелде жалдануучуларды азгырып тартуу боюнча кармалган эки шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөрттү.
29-апрелде райондук сот билдиргендей, С.Н.В. жана С.В.Т. үй камакка чыгарылды. Калган экөө УКМКнын тергөө абагында камакта калды.
Төрт жаран тең Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 3-бөлүгү (Уюштуруучу, тукуруучу жана көмөкчү) жана 416-беренесинин 1-бөлүгү (Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу) боюнча шектелип жатышат.
Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолуккан. Сүйлөшүүдөн кийин кармалган Кыргызстан жарандарынын баш коргоо чарасын өзгөртүү чечими кабыл алынган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды