Главная страница » Жалал-Абадда баасы 10 миң долларга чейин чыккан кочкорлордун жармаңкеси өттү (видео)

Жалал-Абадда баасы 10 миң долларга чейин чыккан кочкорлордун жармаңкеси өттү (видео)

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЖалал-Абад шаарындагы асыл тукум койлордун жармаңкесинде баасы 7 миң-10 миң долларлык кочкорлор көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалатка караганда, калаанын Канаттуулар фабрикасы конушундагы мал базарда уюштурулган жармаңкеге катышуучулар Чүй, Талас жана Ош облустарынан фермерлер келип катышкан. 

«Ар аптанын жума жана ишемби күнү Жалал-Абад шаарында мал базар уюштурулат. Бул күндү утурлай атайын эт жана жүн багытындагы кой, кочкорлордун жармаңкесин уюштурганбыз. Фермерлер Чүй, Талас жана Ош облустарынан бери келишти. Иш-чаранын максаты элибизге порода койлор тууралуу маалымат берүүнү, сандан сапатка өтүүгө мезгил келгенин түшүндүрүү жана өлкөнүн булуң-бурчундагы фермерлердин ортосунда алака түзүп, породалардын санын арттырууну көздөйт. Бүгүн мында негизинен арашан породасындагы, салмагы 150-160 кг жогору болгон кочкорлор алынып келинди. Алардын баасы 7 миң, 10 миң долларга чейин деп бааланып жатат. Айрым кызыккан фермерлер асыл тукум багытындагы койлордун санын көбөйтүү максатында сатып алышууда. Азыр мен билгенден 150 миң сомго арашан породасындагы козу кочкорду сатып алып кетишти. Аны менен бирге 200 миң сомго 6 тиш болгон кочкорду баалап, соодалашып жатышат. Мындай жармаңкелер байма-бай уюштурулуп турмакчы»,  – уюштуруучулардын бири Азирет Чыныбеков.

Арашан Кыргызстандын шарттарына ылайыкталып чыгарылган эт-жүн багытындагы койлордун бир түрү болуп саналат.

Бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Арашан породасындагы кочкорлордун өзгөчөлүктөрү:

Чыгышы: Кыргызстанда чыгарылган, негизинен тоолуу жана тоо этектери зоналарында багууга ыңгайлашкан.

Багыты: Эт жана жарым-жүн (полутонкорсой) багытындагы койлор.

Тышкы көрүнүшү: Кочкорлору орто жана ири денелүү келет. Жүнүнүн түсү көбүнчө ак же боз болуп, жарым-жүн сапатында болот. Куйругу майлуу, эттүү, жана узун формада болот.

Салмагы: Эркек кочкорлордун орточо тирүүлөй салмагы 100–120 кг жетет. Ургаачылары орточо 60–70 кг болот.

Өнүмдүүлүгү: Жылына бир жолу кыркылып, 3–4 кг чейин жүн берет. Эт багытында жакшы натыйжа көрсөтөт, союу түшүмдүүлүгү жогору.

Бейимдүүлүгү: Тоолуу шарттарга жакшы көнгөн, узак жайыт мезгилине чыдамкай келет. Жамгырлуу же суук шарттарга салыштырмалуу орточо туруктуулук көрсөтөт.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz