Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кардиналдар жаңы Рим папасын шайлоо үчүн конклавга (кеңеш) 7-майда чогулушат, деп билдирет «Reuters» Ватикандагы булакка таянып.
Рим-католик чиркөөсүнүн жогорку диниятчылары 28-апрелде жаңы папаны шайлоо күнүн белгилөө үчүн жабык эшик артында жолугушууга чогулушту.
Рим папасы Франциск 21-апрелде каза болгон. Рим-католик чиркөөсүнүн эрежелери боюнча, жаңы папаны шайлай турчу конклав 5-майдан 11-майга чейинки аралыкта чогулушу керек болчу.
Конклавка 80 жашка чыга элек кардиналдар катышып, шайлана алышат. Учурда коллегиянын 252 мүчөсүнүн 135и бул критерийге жооп берет.
Шайлоо Сикстин капелласында өтөт. Жаңы папа аныкталганга чейин кардиналдарга тышкы дүйнө менен байланышууга тыюу салынат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды