Главная страница » Жаңы гимндин долбоору боюнча коомдук талкуу болбойт, аны комиссия тандайт,

Жаңы гимндин долбоору боюнча коомдук талкуу болбойт, аны комиссия тандайт,

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин 28-апрелдеги жыйынында депутат Аида Исатбек кызы («Ынтымак») Маданият министрлиги жаңы гимндин долбоорун коомдук талкууга алып чыгабы деп сурады.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев коомдук талкуу болбой турганын, жаңы гимндин долбоорун комиссия тандап, андан соң ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилерин билдирди.

Депутат комиссиянын курамында канча адам бар экенине кызыкты.

Министрдин айтымында, комиссиянын курамында 47 адам, анын ичинде таанымал акындар, композиторлор, парламент депутаттары жана чиновниктер бар.

Депутат жаңы гимнди тандоого жарандардын катышуусун шартташ керектигин белгиледи.

«Менимче 47 адам 7 миллион адамга өз оюн таңуулаганы туура эмес», – деди Исатбек кызы.

Буга чейин Маданият министрлиги жаңы гимнге болгон сынактын мөөнөтүн 1-октябрга чейин узартууну сунуштаган. Комиссия келип түшкөн 703 долбоордун ичинен жакшы вариантты тандай алган эмес.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz