Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылынын 24 жаштагы тургуну Сажида Жылдызбек кызы үйүндө отуруп эле кийим тигип, өз ишин баштады. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.
Каарманыбыз тигүүчүлүк менен 3 жылдан бери алектенип келет. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.
«6 жыл бою Бишкектеги тигүү цехинде иштеп, ошол жактан тигүүнү үйрөндүм. Бычууну болсо өз алдымча өздөштүрдүм. Көп учурда кийгим келген кийимдерди Кыргызстандан таппай калчумун. Ошондуктан өзүм тигип алсам жакшы болмок деп ойлоп, алгач өзүмө кийим тиге баштадым. Ошондон баштап бул ишке кызыгуум күчөп, буюртма менен кийим тигип келем», – деди ал.
Сажиданын айтымында, буюртма менен тиккен кийимдер кардарларга чак келбей калган учурлар да болгон.
«Алгач буюртма менен кийим тиккенде өлчөмдөрдү туура эмес алып, жаңылаган учурларым көп болчу. Андайда кайра оңдоп берип же арзаныраак баада тигип берчүмүн. Ошондой эле кээде бир кездемени алуу үчүн барып, бирок башкасы жагып калса, ошону сатып алып кайтчумун. Үйгө келсем, ал кездеме тигилбей туруп калат. Акыры кайра башка кездеме алганы барууга туура келет. Мындай учурлар көп эле болот.
Сүрөттү көрүп эле ар кандай кийимдерди тиге берем. Эң арзан кийимдер — жайкы жеңил кийимдер, ал эми эң кымбаттары — кече көйнөктөрү. Азыркы учурда социалдык тармактар аркылуу буюртма алып, кийимдерди тигип жатам. Келечекте өзүмдүн жеке кийим дүкөнүмдү ачууну пландап жатам», – деди ал.
Каарманыбыз кийимдерди буюрта менен гана тиге турганын айтат. Ал тиккен кийимдердин эң кымбаты 5000 сомго бааланган көйнөк болгон. Айына 20-30 миң сомго чейин киреше табат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды