Главная страница » Өзгөн шаарында санитардык талаптар сакталбаган тамактануучу жайлар жабылды

Өзгөн шаарында санитардык талаптар сакталбаган тамактануучу жайлар жабылды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushӨзгөн шаарында коомдук тамактануучу жайлар жана навайканалардын санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу Өзгөн райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, борбордун адистери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында айрым жайларда санитардык талаптар сакталбагандыгы аныкталган.

«Өзгөн шаарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар менен навайканалардын санитардык абалы текшерилди. Текшерүүнүн натыйжасында санитардык абал талапка жооп бербегени аныкталып, айрым жайлар убактылуу жабылды. Тиешелүү чаралар көрүлүп, абал көзөмөлгө алынууда. Санитардык талаптар толук аткарылгандан кийин кайрадан текшерүү жүргүзүлүп, андан соң гана ишин улантууга уруксат берилет», – деди Баталган борбордун башкы дарыгери Гүлзита Бекова билдирди.

Өзгөн шаарындагы Таштак көчөсүндө жайгашкан самсакана жана үч көчөнүн кесилишиндеги «Замзам» кафесине караштуу навайкана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылбагандыгынан улам убактылуу жабылды.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz