Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Өзгөн шаардык архитектура башкармалыгына эскертүү берилди. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-апрель күнү Өзгөн шаардык мэриясында аппараттык жыйын өттү. Анда 2025-жылдын биринчи чейрегинде аткарылган иштердин жыйынтыгы, шаарды жашылдандыруу, көчөлөрдү оңдоо, жарыктандыруу, күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу, салык жана киреше чогултуу сыяктуу маанилүү маселелер каралды. Көп кабаттуу үйлөрдү күз-кышка карата жылытуу боюнча даярдыктарды алдын ала көрүү, мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана электр энергиясы боюнча маселелер көтөрүлдү.
Жыйында шаар мэри Элдос Таев Өзгөн шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы директору БолотБакировго оозеки эскетүү берип, 2 ай мөөнөттө мыйзамсыз курулуштарды аныктап чыгуу тапшырмасын койду. 2 ай ичинде аткарылбаса кызмат орду караларын эскертти.
Мындан сырткары шаардын бюджеттин көтөрүү үчүн көмүскө экономиканы, соода сатык жайларды аныктап чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды