Главная страница » Зеленский Курск облусунда Украинанын аскерлери жүргөнүн билдирди

Зеленский Курск облусунда Украинанын аскерлери жүргөнүн билдирди

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Украинанын президенти Владимир Зеленский украиналык аскерлер Курск облусунда жүргөнүн билдирди. Бул тууралуу ага Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдиргенин «Telegram» каналына жазды.

Анын айтымында, салгылашуулар уланууда жана абал оор бойдон калууда.

«Эң көп салгылашуулар Покровский, Краматорский, Лиманский жана Курск багыттарында болуп жатат. Биздин аскерлер Курск жана Белгород облустарынын белгиленген райондорунун аймагында активдүү коргонуу аракеттерин улантууда», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда украин аскердик «Deep State» коомчулугу Россиянын аскерлери Горналь айылын дээрлик толугу менен ээлеп, Олешня районунда (карта боюнча) алдыга жылганын жазууда.

Президент ошондой эле Киев АКШнын тынчтык келишимин түзүү боюнча сунушун кабыл алган 11-марттан бери Россия Украинага 8,5 миң авиабомба, ар кандай типтеги 200 ракета жана 3 миңге жакын «шахед» учурганын билдирди.

Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 26-апрелде Украинанын Куралдуу күчтөрүн Курск облусунан толугу менен сүрүп чыгарганын билдирген.

Бирок Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы дароо Россиянын аскерлери Курск облусунун бардык аймагын толугу менен көзөмөлгө алды деген маалыматтарды четке какты.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz