Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Бүгүн, 28-апрелде ректор, профессор Ж.Ж.Турсунбаев Ош технологиялык университетине Өзбекстандан келген окутуучуларды жана студенттерди кабыл алды.
Маалыматк караганда, эки тараптуу эл аралык кызматташуу келишимдердин алкагында квалификациясын жогорулатуу жана академиялык тажрыйба алмашуу максатында келген Өзбекстан Республикасындагы Андижан мамлекеттик техникалык институтунун «Метрология жана жеңил өнөр жайы», «Химия жана химиялык инженерия», «Экономика» кафедрасынын окутуучуларын жана студенттери келген.
Кошуна өлкөдөн келген окутуучулар — өздөрүнүн багыттары боюнча квалификацияны жогорулатуучу курстан өтүп жатышат. Аларды Ош технологиялык университетинин тажрыйбалуу алдыңкы окумуштуулары окутууда.
Ал эми экономика жана метрология, стандартташтыруу жана сапатты башкаруу багыттынын студенттери тажрыйба алмашуу максатында экономика жана башкаруу институту менен технология жана жаратылышты пайдалануу институтунда окуп жатышат.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды