Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Өзбекстандын Хорезм облусундагы мектептин директору окуучу кыздарга карата агрессивдүү мамиле жасаган. Ошол учурда тартылган видео интернетке тарап жатат. Анда аял директор кыздардын чачын жулуп, күч колдонгон.
Окуя 7-апрелде Кошкупыр районундагы №14 мектепте болгон.
Хорезм облустук мектепке чейинки жана мектепте билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, сабак учурунда директор 11-класстын окуучулары билим алган бөлмөгө кирип, чачын жайып алып жүргөн кыздарга эскертүү берген. Ошол жерден педагог күч колдонуп, бул чырга алып келген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында окуу жайдын жетекчиси административдик жоопкерчиликке тартылды. Мындан тышкары педагогикалык этиканын нормаларына туура келбеген аракеттери үчүн ага сөгүш жарыяланды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды