Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Өзбекстандын Транспорт министрлиги эл аралык автомобиль жүк ташуулары менен алектенген компаниялардын жетекчилерине эскертүү берди. Бул Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан багыты боюнча көп тараптуу уруксаттарды пайдалануу эрежелерине байланыштуу.
Ведомство жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген маалымат боюнча, бул бланктар эки тараптуу Ташкент—Андижан—Ош—Эркеч-Там—Кашкар багыттары боюнча белгиленген өткөрүү пункттары аркылуу гана жүктөрдү ташуу үчүн арналган. Алар үч өлкөнүн ортосундагы транспорт коридорун өнүктүрүү иштеринин алкагында берилген.
Бирок Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы убакта уруксат максатсыз пайдаланылган учурлар көбөйдү. Айрым тараптар бүтүндөй маршрут боюнча жүрбөстөн, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда гана жүктөрдү ташуу үчүн колдонууда. Мындай аракеттер менен эрежелер бузулуп жатат.
Министрлик максатсыз пайдаланылган бланктар жараксыз деп эсептеле турганын жана алдыда уруксат берүү чектелиши мүмкүн экенин эскертти.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды