Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусундагы Чымынды-Сай жайлоосуна алып баруучу жолдордогу көпүрөлөрдү жана жол тилкелерин катуу келген суу жууп, малчылар жана жергиликтүү тургундар тынчсызданууда. Мындан улам малчылар Түп жана Ак-Суу райондук администрацияларынан жардам сурап кайрылышты.
Тургундардын айтымында, жайлоого жыл сайын эл менен малдын көчүүсү жүргүзүлөт. Бирок учурда суунун нугу көтөрүлүп, көпүрөнүн эки тарабын суу жеп жатат. Мындан улам мал жана жүк ташуучу техникалар үчүн өтө кооптуу болуп калды.
«Жолдордун ушундай абалы адамдардын жана мал-жандын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Көч маалы башталып калды. Эми убакытты өткөрбөй жолдорду оңдоп берүү зарыл», – дешет тургундар.
Ак-Суу райондук администрациясынын маалыматына караганда, бүгүн жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо үчүн 2 техника жиберилди. Оңдолгонго чейин жергиликтүү бийлик малчыларды Каркыра жайлоосу аркылуу өтүүгө чакырды. Аталган жол менен Ак-Суу районунун 4 айыл өкмөтүнүн малчылары алыскы жайлоого көчөт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды