Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда картошка айдоо иштери башталды. Учурда картошканын үрөнү 25-35 сомдон сатылып жатканын аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, картошканын баасы быйыл жогору болду.
«Азыр картошканын чоңу (жегенге) бир килограммы 40-45 сомдон бааланып жатат. Ал эми үрөн үчүн “Джелли” сортундагы картошканын 2021-2022-2023-2024-жылкы үрөндөрүнүн килограммы 25-35 сомдон болуп жатат. Алуучу менен дыйкандын баалашканында баа десек да болот. Бул жылы картошка жакшы баада болду. Буга чейин картошканы Ак-Суу району гана көп айдап келсе, Жети-Өгүз жана Түп раонунун дыйкандары үрөндү издеп алышууда», – дейт Ак-Суу районунун тургуну Алымбек Бейшеев.
Ак-Суу райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Акмолдоевдин берген маалыматы боюнча, бул жылы Ак-Суу районунда 7800 гектар жерге картошка себүү пландалган. Өткөн жылы 7400 гектар жерге картошка себилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды