Главная страница » Ысык-көлдүк мугалим Мээрим Муканбетова окуучуларга кол өнөрчүлүктү үйрөтүп жатат

Ысык-көлдүк мугалим Мээрим Муканбетова окуучуларга кол өнөрчүлүктү үйрөтүп жатат

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылынын тургуну Мээрим Муканбетова мектепте мугалим болуп эмгектенет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде кол өнөрчүлүктү да өздөштүргөнүн айтып берди.

Мээрим Муканбетова 13 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келүүдө. Адегенде окуучуларга музыка сабагынан билим берип, кийин кол эмгек сабагынан окутуп жатат.

«1976-жылы Орто-Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келгем. Ж.Шабиров атындагы жалпы билим берүү мектебинде билим алдым. Мектеп жашымда эле комуз ийримине катышып, музыкага болгон сүйүүм, кызыгуум жаралган. Ошентип 1991-жылы Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, 1995-жылы кесиптин ээси болдум. Нотага салып, бардык музыкалык аспап менен кол ойното алам. Анан ошол эле жылдары Көөчү айылына келин болуп барып, турмушка чыктым. Үй-бүлө күтүп, өмүрлүк жолдошум экөөбүз 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келе жатабыз.

Мектепте орун жок болгондуктан көп жыл бою кесибим менен иштөөнү эңседим. Кийин орун бошоп, мындан 13 жыл мурун Көөчү айылындагы А.Кайдиев атындагы жалпы билим берүү мектебине жумушка орноштум. Саатым аз болгондуктан буга кошумча кол эмгек сабагынан билим берүүнү колго алып, азыркы тапта ар тараптуу изденүү менен кол өнөрчүлүктү да колго алдым», – деди ал.

Каарманыбыз учурда окуучулары менен жараткан бир топ эмгеги республикалык сынактарда алдыңкы орундарды багындырганын кошумчалады. Ал келечекте кол өнөрчүлүктү аркалап, туризм аркылуу киреше табууну максат коюп жатканын билдирди.

«Кол өнөрчүлүк мага ата-энемден өткөн эмес, башкача айтканда үй-бүлөбүздө уз-чеберлер деле чыккан эмес экен. Мугалим болгон соң окуучулардын алдында чоң милдет катары изденүү жолу менен кол өнөрчүлүктүн ар кандай техникасын өздөштүрдүм. Мисалга алганда жүндөн ийне менен уютуп, ар кандай буюмдарды жасап (фильцевание), япон ыкмасы менен чүпөрөккө сүрөт тартып (кинусайга), кытай сайттарынан ар кандай зымдарга буюртма берип, шамчырактын түрүн жасайбыз. Мындан сырткары ниткографиялык өзгөчө сүрөттөрдү жаратам. Мындайда чыгармачылык шык ойгонуп, өзүнчө фантазия киргизүүгө изденип калат экенсиң. Бул эмгегимдин арзаны 300 сомдон, кымбаты 1 миң сомго чейин бааланат. Кез-кезде жасаган буюмдарымды рамкага салып, жакын адамдардын жакшылыктарына белек кылган учурларым болот.

Келечекте мектепте эмгектенип, пенсия куракка келгенде кол өнөрчүлүктү улантам. Себеби Түп аймагында туризм жаңыдан өнүгүп жаткандыктан уз-чеберлердин башын бириктирип, ар кандай нукура баалуу болгон кол эмгектерибизди чет өлкөлөргө жайылтабыз деген максатым бар», – деди мугалим.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz