Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жайгашкан аскер бөлүгүндө «Зарница» спорттук-аскердик оюну уюштурулду, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка карагада, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Совет жоокерлеринин Ооган жеринин чыгарылышынын 36 жылдыгына карата аймактагы бир катар мектептерден келген командалар үчүн спорттук-аскердик оюну өттү. Ага Ооган согушунун ардагерлери, аскер комиссариаты жана мугалимдер жамааты катышты.
Берилген жобого ылайык, окуучулар саптык курам, аскер ыры, өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер, өзүн-өзү коргонуу, автоматты чачуу жана жыйноо, биринчи медициналык жардам жана башка тапшырмаларды аткарышты.
«Зарница» спорттук-аскердик оюндарын уюштурган Ооган согушунун ардагерлери да волейбол боюнча өз ара мелдеш өткөрүп, ага Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп, Ысык-Көл районунан келген ардагерлердин командалары ат салышты.
Жаш жеткинчектердин патриоттуулук сезимин ойготуп, сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган оюндун соңунда мыкты командалар аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Мектептен келген командалар аскер бөлүгү менен таанышып, аскердик милдет өтөгөн жоокерлер менен баарлашышты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды