Главная страница » Ысык-Атанын Чоң Чүй каналындагы көпүрө бузулуп, каттам убактылуу өзгөрдү (видео)

Ысык-Атанын Чоң Чүй каналындагы көпүрө бузулуп, каттам убактылуу өзгөрдү (видео)

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЫсык-Ата районуна караштуу Новопакровка, Ленин жана Сары-Жон айылдары аркылуу өтүүчү көпүрөнүн бузулушуна байланыштуу жол убактылуу жабылды.

Чүй ОИИББге караштуу ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда көпүрөнү коопсуздукту сактоо максатында бетон тосмолор менен жабылган.

«Окуя болгон жерде Ысык-Ата районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, №43 жол тейлөө ишканасынын адистери жана райондук жетекчилик иш алып барууда.

Жарандардан Заречный көчөсү аркылуу Нооруз айылына бурулуп өтүүнү өтүнөбүз», – деп айтылат маалыматта.

Новопокровка—Туз унаа жолу аркылуу каттамды камсыздоо максатында Чоң Чүй каналдын жээги аркылуу убактылуу айланма жол түзүлүп, учурда грейдер техникасы менен түздөлүүдө.

Ушуга байланыштуу, жарандар жана айдоочулар убактылуу ошол айланма жол аркылуу каттап турушат.

Буга чейин Turmush басылмасы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопакровка айылы менен Ленин айылынын ортосундагы Чоң Чүй каналдын үстүнөн өткөн көпүрө түшүп кеткенин жазган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz