Главная страница » Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү

Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү.

Кеңеш виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, улуттук кызыкчылыктарды жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен инновациялык долбоорлорго дем берүү жана инвестицияларды тартуу максатында түзүлдү.

Төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялоо жана жүргүзүү кеңештин негизги милдеттери болуп аныкталсын:

– виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктоо;

– виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүндө Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу;

– виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларды жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү;

– Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүүгө чет өлкөлүк компанияларга көмөк көрсөтүү;

– Кыргыз Республикасынын экономикасын дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо;

– Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу стратегиясы;

– виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын инновациялык программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу.

Кеңештин чечимдерин ишке ашыруу үчүн аткаруу органы катары катчылык түзүлөт.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кеңештин катчылыгынын жетекчиси болуп саналат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz