Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Тилек Тыналиев Арашан породасындагы Сапат аттуу кочкорун Түп районундагы тургунга 80 миң долларга (сомго которгондо 6 млн 995 миң 996) сатты.
Тилек Тыналиев Turmush басылмасына билдиргендей, Сапат аттуу кочкору салмагы жана баасы жагынан алдыда турат.
«Айылда Арашан породасындагы койлорду асырап келем. Сапатты козу кезинде Каракол шаарынан энеси менен чогуу сатып алып келгем. Эки тиш кезинде облуста өткөн асыл тукум мал чарба жарышында Сапат 153 килограмм салмак менен 1-орунду алган. Азыр 3 жаш, бою 1 метрден ашык, салмагы 180 килограммды түзөт. Тукумдукка короодо кармап, жакшы төл алдык. Түптүк Самат деген жигитке 80 миң долларга сатылды. Азыр Сапаттын козуларын кармап жатабыз», – дейт.
2021-жылдын апрель айында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы «Арашан» аттуу жаңы кой породасын каттаган.
Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.
«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды