Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Айтматов районунун Аманбаев айылынын 34 жаштагы тургуну Урмат Исламбеков абердин-ангусс породасындагы уйларды багып жатат. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча тарыхчы мугалим. Бирок кесибим менен иштеген эмес.
«Мындан 7 жыл мурун шаардан келип, өзүмдүн айылымда мал чарбасын түптөгөм. Буга чейин жалаң семирткен мал бакчубуз. 2023-жылдан баштап жалаң асыл тукум малга басым жасап, учурда асыл тукум мал чарбасы деген макам алып жаткан учурубуз. Семирткен малды бакканда жылдык кирешелерди эсептегенде, чыгаша көп киреше аз экен да. Анан күнүмдүк жемин эсептеп, абдан чыгаша көп экен. Анан эт багытында уйларды алып келдик. 34 баш уйду 147 миң сомдон алып келдим. Ал учурда уккан кишилер баары эле, «кымбат алып алдың» деп баары күлүп жатышты.
Анан силос берип жаттым. Жүгөрүнү өзүм тигип, аны бастырып, Европага чейин барып, уй багуунун сырын үйрөнүп келдим. Түркиядан 1 кг 82 доллардан жүгөрү алып келип, 3,5 гектар жерге тиктим. Аны дагы кымбат деп айтышты. Башкаларды укпай эле кыла бердим. 1 гектардан 25 тоннадан жүгөрү алдым. Ал урук азыр жайылып жатат. Измир, Аниса, Анкара шаарларына барып, бул урукту жайылтууну үйрөнүп келгем. Бул жүгөрү өткөн жылы 450 гектар жерге эгилди. Силосту камдап, ар бир малдын жеген наркын түшүрүп, арткан акчага көбүрөөк асыл тукум мал алып, көбөйтөм деп жатам.
Азыр уйдун саны 100гө жетип калды. Дагы 50 баш кошобуз деп турабыз. Бул уйларды алып келгенде 1 букасын кошо алып келгенбиз. Европага барып келгенде көрдүм, ал жакта букага кошот деген жок экен. Таза кандуу уйларды жасалма уруктандыруу гана ыкмасы колдонулат экен. Ал жактан келгенден кийин ошондой ыкмага өттүк. Андай ыкма жыл сайын сапатын жакшыртат экен.
Менин максатым – эң алгач Таласта асыл тукумдуу уйларды көбөйтүү. 100 баш уйду туура баксаң, 1 жылда 5 млн сомдон ашык кирешеге чыгасың. Андан дагы көп кылсаң болот. Анын баарына күн сайын талыкпаган эмгек кетет. Таңдан баштап, алардын камын көрүү керек. Чынында биздин шартта 100 баш уйду багуу өтө эле оор. Ошол үчүн жеми өзүңдөн чыга турган кылып, короо сарайыңды ыңгайлуу кылып, анан эсеп менен багууну сунуштайм. Азыр Европадагыдай техникаларды алып келип, 200 башка чейин көбөйтүп, эл арасында жайылтуу башкы планым», -деди ал.
Фермер жубайы экөө 3 уулду чоңойтуп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды