Главная страница » Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата коллекциялык тыйын чыгарылды

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата коллекциялык тыйын чыгарылды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  28-апрелден тарта Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун урматына «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке – 80 жыл» күмүш коллекциялык тыйыны жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Тыйындын алдыңкы бетинде майрамдык салют түрүндө стилдештирилген «80» деген сан берилген. Тыйындын жогору жагында жылдыз, төмөн жагында согушта курман болгондорду кайгыруу менен эскерүүнү жана сый-урматты чагылдырган, лента байланган кызыл гүлдесте түшүрүлгөн. Жээгинде тегерете «Улуу Жеңишке – 80 жыл / 80 лет Великой Победе» деген жазуу чагылдырылган.

Тыйындын арткы бетинин чок ортосунда тынчтыктын жана эркиндиктин символу болгон канат жайган көгүчкөндөрдүн элеси «2025» жана «1945» деген сандар менен бир берилип, мамлекеттик герб түшүрүлгөн.

Ошондой эле аны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу чагылдырылган. Тыйындын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), чыгарылган жылы «2025» жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.

 

«Улуу Жеңишке – 80 жыл» коллекциялык монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган. Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында сатылат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz