Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкекте «Кыргызстанга ысымдардын кайтышы» аттуу эскерүү акциясы өттү. Анын алкагында Улуу Ата Мекендик согуш жылдары дайынсыз жоголгон 34 жоокердин тагдыры айтылды. Алардын баары – Кыргызстандын кулундары.
«Русский домдун» маалыматына ылайык, жоокерлердин урпактарына каза болгон жери, көмүлгөн жери жана согуштагы жолу тууралуу архивдик маалыматтар тапшырылды.
Туратбек Андашев өзүнүн чоң атасынын тагдыры тууралуу билди. Анын айтымында, Абдрахман Отунчиев фронтко 1942-жылы кетип, Ленинградды бошотууга катышкан.
«Менин апам өмүр бою ал жөнүндө кандайдыр бир маалымат табууга аракет кылган. Тилекке каршы ал бул күнгө чейин жеткен жок», – деп белгиледи Андашев.
Акция Россия, Абхазия, Беларус жана Кыргызстандын өкүлдөрүнүн биргелешкен ишинин аркасында ишке ашты.
Аземдин соңунда майрамдык концерт болду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды