Главная страница » Улуттук банк эмне себептен «М Булактын» айрым операциялар боюнча лицензиясы алынып жатканын түшүндүрдү

Улуттук банк эмне себептен «М Булактын» айрым операциялар боюнча лицензиясы алынып жатканын түшүндүрдү

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  1-майдан тарта «М Булак» микрокредиттик компаниясы тарабынан чыгарылган «Элкарт» кредиттик карталарынын колдонуу мөөнөтү аяктайт. Ошондой эле компания «Visa» жана «MasterCard» эл аралык төлөм системаларынын карталарын POS-терминалдар/QR-коддор аркылуу эквайринг (тейлөө) укугунан ажырайт.

Улуттук банктан «Tazabek′ке» билдиришкендей, «М Булак» атайын жөнгө салуу режиминин алкагында убактылуу сыноо режиминде берилген ишмердүүлүктүн бул түрлөрүнө лицензиясын узарткан эмес.

Улуттук банк банктарга жана чакан кредиттик компанияларга белгилүү бир технологиялык талаптарды аткарганда, сыноо режиминде кредиттик карталарды чыгарууга жана тейлөөгө мүмкүнчүлүк берген. Кийинчерээк каржы институттары туруктуу лицензия алуу үчүн арыз бере алышкан. Улуттук банктан компания өз кардарларын лицензиянын колдонуу мөөнөтү аяктаганы тууралуу кабарлаганын билдирип, көйгөйлөр жаралбашы керектигин белгиледи.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz