Главная страница » УКМК жасалма виза сатып жүргөн Пакистандын жаранын кармады

УКМК жасалма виза сатып жүргөн Пакистандын жаранын кармады

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Жасалма виза даярдоо каналы аныкталып, 100дөн ашуун электрондук визаны жасалмалоого катышкан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда Пакистандын жараны М.Т.К. мыйзамсыз киреше табуу максатында мекендештерине жасалма виза жасоо схемасын уюштурган.

«М.Т.К. Пакистандын жараны М.А.га эки электрондук визаны (2 айга) 150 долларга тариздөөнү, 1 жылдык визаны 1700 доллардан, жалпы 4 визаны 6800 долларга тариздөөнү сунуштаган. М.Т.К.нын талабы боюнча ага аванс катары 4400 сом которулган.

22-апрелде М.Т.К. талап кылган 87 400 сомдун бир бөлүгүн алган учурда кармалды. Ал шериктери менен биргеликте Кыргыз Республикасына келген мекендештери үчүн 100дөн ашык жасалма электрондук виза даярдаган.

23-апрелде М.Т.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды алуу үчүн, анын ичинде ички жана тышкы миграция чөйрөсүндөгү маселелер боюнча расмий органдарга гана кайрылуу керектигин эскертет», – деп айтылат расмий маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz