Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Тынчтыкбек Досмуратов Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты Turmush басылмасына өзү тастыктады.
Тынчтыкбек Досмуратов 1986-жылы 23-февралда Ош облусунун Ноокат районундагы Шаңкол айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.
Билими:
– 1992-2003-жылдары Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагындагы Шаңкол орто мектебин артыкчылык менен аяктаган;
– 2003-2009-жылдары Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык техникалар факультетин окуп бүтүрүп, математик, система боюнча программист адистигине ээ болгон;
– 2006-2012-жылдары «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетин окуп бүтүрүп, түркология адистигине ээ болгон;
– 2012-2013-жылдары Кытай Эл Республикасынын Ички Монголия автономия районунун борбору Хух-Хото шаарындагы Ички Монгол университетинде кытай тили курсунда 1 жыл окуп келген;
– 2020-2022-жылдары Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинде социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) багыты боюнча магистратурада окуп, артыкчылык менен аяктаган.
Иш тажрыйбасы:
– 2011-жылы «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун кардарларды тейлөө борборунда оператор;
– 2011-2012-жылдары НТС телерадио компаниясында архивариус;
– 2013-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Шаңкол орто мектебинде тарых мугалими;
– 2014-2018-жылдары Ош шаардык билим берүү башкармалыгында усулчу;
– 2018-2020-жылдары Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук кабинетинин башчысы;
– 2020-2021-жылдары Ош билим берүү институтунун информатика кабинетинин башчысы;
– 2021-2022-жылдары Ош билим берүү институтунун инновациялык процесстерди уюштуруу жана башкаруу боюнча директордун орун басары;
– 2022-2023-жылдары Ош билим берүү институтунун математика кабинетинин башчысы;
– 2023-жылы Ош билим берүү институтунун информатика кабинетинин башчысы;
– 2025-жылдан бери Ош билим берүү институтунун Табигый-математикалык сабактарды окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы болуп иштеп келген.
Эмгектери:
– 2012-жылы «Ооганстандагы кыргыздар» аттуу макаласы бир нече басылмаларда жарыяланган;
– 2013-жылы «Кытай кызыктарына кылчайганда» (Жуңго жөнүндө журтума жазгандарым) аттуу эскермеси бир нече басылмаларда жарыяланган;
– 2014-2024-жылдары Ош шаарында жана Ош облусунда жайгашкан билим берүү мекемелериндеги аткарылып жаткан иштер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган бир нече материалдардын автору;
– 2017-жылы Окутуу кыргыз, орус, өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн усулдук колдонмонун (бирдиктүү календардык пландын) түзүүчүсү;
– 2017-жылы Музыка мугалимдери үчүн усулдук колдонмонун (бирдиктүү календардык пландын) түзүүчүсү;
– 2018-жылы Адеп мугалимдери үчүн усулдук колдонмонун (бирдиктүү календардык пландын) түзүүчүсү;
– 2018-жылы Тарых мугалимдери үчүн усулдук колдонмонун (5-11-класстар/бирдиктүү календардык пландын) түзүүчүсү;
– 2020-жылы «ММК колдоо борбору» фондунун уюштуруусу, «Сорос» фондунун каржылоосу менен иштелип чыккан 24 видеосабакта усулчу;
– 2021-жылы «Кытайлык кыргыздардын жазуусунун тарыхы» аттуу макаласы Ош мамлекекеттик университети тарабынан уюштурулган илимий конференциянын пленардык жыйынында окулуп, басмага берилген;
– 2021-жылдан бери Медиа жана маалыматтык сабаттуулук, санариптик сабаттуулук, жана жасалма интеллект боюнча бир топ курстардын, ошондой эле электрондук материалдардын (презентация, видео, текст ж.б.) автору.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды