Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ, 26-май күнү Ош облусунда аялдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ош ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Өзгөн РИИБге Кара-Кулжа районунун 1987-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу жөнүндө маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Кулжа РИИБге жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары маркум аялдын 1985-жылы туулган жолдошу А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
- Кийинчерээк маркум аялдын классташы Turmush басылмасына бул окуя 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусунан кийин катталганын айтып берди. Кененирээк чоо-жайын бул шилтемеден окуй аласыз.
28-майда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бул факты боюнча социалдык тармактарда 26-май күнү Кара-Кулжа районунда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча күйөөсү аялын атка сүйрөтүп өлтүрдү деген жана башка эле адамдардын ыйлап жаткан видеосу менен чындыкка дал келбеген маалымат тарап жатканын маалымдады.
Милициянын алдын ала маалыматы боюнча маркум аял октон алган жаракаттан улам көз жумган. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жубайлардын ортосунда 5 баласы бар экени айтылууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды