Главная страница » Turmush: Таякем согушта каза болгондо, бир ууч талкан менен жаназасын окуганбыз,

Turmush: Таякем согушта каза болгондо, бир ууч талкан менен жаназасын окуганбыз,

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushМайрамкан Түлеева 14 баланын энеси. Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маекте ал Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарындагы эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Анын айтымында, ал кезде 16 гана жашта болчу. 

«Атам уста, фронтко керектүү буюмдарды жасагандыктан фронтко чакырылбай, апам менен бирге жүн ийрип, топчу тигип, жоокерлерге жөнөтчүбүз. Түрмөк жип ийрип, колум талып кетет. “Апа, чарчадым” дейм, апам болсо “Кой балам, согушту жеңебиз” дечү. Ошентип колум, ийним талып, кайра апама жардамдашчумун. Фронтко байпак, жоолук, кармама согуп жиберип турчубуз. Ачкачылык аябай кыйын күндөр өттү. Агам, таякем согуштан кайтпай, кара кагаз келди. Таякем каза болгондо, бир ууч талкан менен Куран окуттук. Бир күнү ачка калып, такыр жегенге эч нерсебиз калган жок. Атам ошондо кебек (просо) алып келип, апам нан жасаган эле.

Жеңиш болгон күнү адаттагыдай эле фронтко камылга даярдап жатканбыз. Таежем кызыл жоолугун сеңселтип көтөрүп, жеңишке жеткенибизди айтып кыйкырып, жар салган. Баарыбыз ыйлап, баш кийимдерди ыргытып сүйүнүчтүн көз жашы басылган эмес эле. Ошентип, согуш бүткөндөн кийин деле кыйынчылык күндөр болуп турду. Атамдын согуш маалындагы соку сок билеги, жаргылчак ташы, кайнатамдын балтасын дээрлик бир катар жылдан бери сактап келем.

Абышкам менен 14 баланын ата-энеси болдук. Өз атам да уста, кайнатам да устачылык менен алектенип, элге төбөсү көрүнгөн кишилер эле. Алардан калган 100 жылдык буюмдарды азыр балдарым, неберелерим сактап келет. Азыр жакшы заман, баары бар. Өлкөдө тынчтык болсун, үйлөр курулуп, жакшы иштер болуп жатат. Тынчтык болсун, биз көргөндү көрбөгүлө», – дейт ал.

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz