Главная страница » Turmush: Өлкө президенти класска кирип келип, мугалимден бата алып кеткен: Кара-Көлдөгү окуя

Turmush: Өлкө президенти класска кирип келип, мугалимден бата алып кеткен: Кара-Көлдөгү окуя

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushКара-Көл шаарынын 69 жаштагы тургуну Калипа Токтобаева 47 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты. 

Өзүнүн айтымында, Аксы районунун Ак-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 1977-жылы Ош шаарындагы жогорку окуу жайдын кыргыз тили жана адабият мугалими бөлүмүн бүтүргөн. Жаш муундарга билим берүү менен чектелбестен кошок кошуп, бата берүү өнөрүн улантып келет. Себеби азыркы учурда улуулар тойлордо тост менен батанын айрымасын билбей, аралаштырып айтып жүрүшөт.

«Элибиз дүйнө эшигин ыр менен ачып, ыр менен жабат. Нечендеген кылымдарды карытып турмуштун суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, татаал жолдорду башынан кечирген кудуреттүү кыргыз элим илгертеден чечен сөздү урматтап сыйлаган. Ага терең маани берген.

Алардын ушунчалык акылмандуулугун сөзмөрдүгү айткан насаатарынан билинип турат. Алардын бири бата сөзүнүн турпатына токтолсок:

«Бата» араб сөзүнөн алынып бир нече мааниге ээ:

1. Диндеги курандын биринчи сүрөөсү;

2. Алкыш, тилек, каалоо;

3. Дүйнөдөн кайткан адамдын үйүнө барып көңүл айтуу куран окутуу;

4. Тилек тилөө, тилек айтуу;

«Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» деген накыл сөз бар. Анын сыңарындай кыргыз үй-бүлөсүн кандай гана жакшылык болбосун ар убакта бата коштоп жүрөт. Бата тилөө адамдын кайрылуусун, үмүтүн, жакшылыкты көздөйт. Эл ичинде ошол ойлорду камтыган батаны бир нече түрү бар

1. Колго суу куюуда;

2. Жээнтек берүүдө;

3. Бешикке салууда;

4. Тушоо кесүү;

5. Аскерге узатууда;

6. Баш кошкондорго;

7. Мүчөл жылдагыларга;

8. Түлөө өткөрүүдө;

9. Жалпы дасторконго жана башка.

Тост айтуу деген ичкилик ичкенде айтылуучу каалоо-тилек.

Ал эми батанын мааниси өтө терең. Мисалы тойлордо эң улуу аксакалдарга «бата берип койсоңуз» деп сөз берет. Алар бата менен тосттун айрымасын билбей жатышат. Бата берүүнүн тартиби көркөм сөз каражаттары менен коштолуп, жорго сөздөр менен куюлуштурулуп айтылган каалоо-тилектер түрмөгүнөн турат», – деди ал.

Кыргыз эли адамдын төрөлүшүн ыр менен сүйүнчүлөп, адам дүйнө салганда да ыр менен узаткан. Мисалы аял төрөгөндө сыртка чыгып, ааламга дагы бир адам жаралганын билгизип, уул келсе «туулду», кыз келсе «төрөлдү» деп угузган. Айтылган сөздүн маанисине карап кыз же уул экенин билишкен.

«Ал эми азыркы наристелерге ысым берүүдөгү жаңылыштык ономастика илимин окубабагандыктан келип чыгууда.  Учурда айрым жаштар түшүнүп, түшүнбөй балдарына ат коюп жатышат. Ономастика — бул энчүүлүү, жер-суу аттарын изилдеп чыккан илим. 10-класстын окуу программасында бар. Ушуну бир окуп, терең түшүнүп алышса зыяны тийбейт.

Мен өзүмдүн атымды бетимдеги калыма карата коюп койгон деп ойлогом. Илгери кыргыздарда биринчи наристесинин аты бек менен башталса, аягына чейин бек менен уйкаштырып коюшкан. Биз 5 кызбыз, эң улуубуз Күлүпа, Нурипа, Калипа, Анипа, Шарипабыз. Ушул эжелериме уйкаштырып коюп койсо керек деп жүргөм. Анан институтта окуп жүргөндө «өзүңөрдүн ысымыңардын тарыхын таап келгиле» деген тапшырма беришти. Х.Карасаевдин сөздүк китебиненменин атым туралуу издеп, окуп чыктым. Көрсө менин атым 13-кылымда араб халифатынын башкарган башкаруучунун атынан коюлган экен. Арабча халифа болуп аталат экен. Тыбыштык жактан өзгөрүп, биздин тилде Калипа болуп калган. Ал эми ата-энем кыздардын аты уйкаш болсун деп коюп койгонун айтып калышчу», – деди ал. 

Каарманыбыз буга катар эле кошок айтуу таланты жөнүндө айтып берди. 

«Кошок айтам. Чоң энемдин түп атасы өзбектен. «Искендер Календердин кызымын» деп айтчу. Кичинебизден чоң энеме келип чай кайнатып беребиз. Алар бекитип койгон татууларын, жумурткаларын бышырып берет. Негизи эле илгери адам карыганда акыретине кам көрө башташчу. Анан чоң энем «Эй, силер кызсыңар. Биз өлгөндө минтип ыйлагыла» деп үйрөтүп, кошок айттырчу. Куйма кулак болсом керек, дароо эле эсиме сактап калар элем. Ошентип чоң энем үйрөткөнүн кайра экзамен алгандай күнүгө сурап турчу. Ал мага «сенин үнүң бийик заңылдап чыгат» деп айтар эле. «Кошоктун сөздөрүн так жана даана айткыла. Мисалы өз апаңар өлгөндө «эне» деп кошуп ыйлагыла. Апа деген болбойт, анын мааниси эже дегенди билдирет. Жаш адам өтсө боорум деп кошулат» деп бардыгын үйрөтчү.

Анан мен бир аз «шустрый» болсом керек. Чоң энем кыз неберелерине үйрөткөн кошокторун сурап жатканда «мен айтайынбы» деп суранып жатып, үйрөткөнүн айтып берип анан дагы жөн калбай «эне дагы кошуп берейинби?» деп:

«Кепичи бутка батпаган,

Энекем айыл дегенде жатпаган. 

Бийик тоолор пас болду,

Энемдин өлүп калганы ырас болду» деп кошуп калсам, кубалап жөнөп калат эле. Ошону азыркыга чейин чогуу өскөн жээним күлүп айтып калат.

Кошок буйруган кишиге гана айтылат. Тааныбаган адамга кошок кошуп, ыйлай албайсың. Билген адамдын баскан, турганы көз алдыңа элестеп кошосуң. Кошокту бир айтам. Кийин унутуп калам. Ошол мен кошуп жатканда, бирөө жазып алса болот эле деген ой келет. Кошоктун пайдасы угуп олтурсаң ал өлгөн адам туралуу маалымат берет. Ошол кошок менен көз жаш, ичиндеги күйүт, бук чыгып кетет.

Кошоктор 2 түрдүү айтылып ыр саптарынан түзүлүп өзүнчө обон менен айтылат.Анда кызды күйөөгө узатууда кыздын чоң энеси, энеси, эжеси, жеңеси тарабынан айтышат. Анда кызга акыл-насаат айтып кайын журтуна, күйөөсүнө тапшырат. Экинчиде адам акыркы сапарга узатылганда айтылат», – деди ал. 

Каарманыбыз буга катар эле эл ичинде бата берүүнү үйрөтүү керектигин белгиледи.

Элибиздин жашоосунда жакшылыктар көп болуп тойлордун, мааракелердин түрлөрү көбөйдү. Ошондо аксакалдарыбыз бата берүүнү унутуп, тост айтууну адатка айландырып алышты. Заман талабына ылайык кооздоп, бата берүү баракчаларын чыгарсак болмок 

Кошоктордун турмушка ылайыктап колдонсок. Ар кыл түрлөрүн колдонууну колго алсак дейм. Себеби кээ бир жерде маркумдун ким экенин (эркек, аял) билинбей, анын эмгеги, жаш курагы, жакындары ким экенин билбей каласың. Бул ыкма менен аялдар арасында жамакчылык өнөр өнүгүп олтурат беле дейм.

Адам өмүрү түбөлүктүү эмес анын өмүрү чектелүү. Ата-баба салтында адамды ааламга келгенде кандай салт-санасы менен тосуп алса, акыркы сапарга дагы ага арналган кошок саптарын коштуруп узатышат. Аны көбүнчө аялдар иш жүзүнө ашырып, аларды эл «кошокчулар» деп аташкан. Кээде комуздун коштоосунда эркектер да айтышат.

Өлүккө, өлүк чыккан үйгө назар таштоо же жүз көрсөтүү — ар бир адамдын парзы. Дүйнөдөн кайткан адамдын үйүнү эркектер өкүрүп келүү зыйнаты бар, ал эми аялдар бала-бакарасы, жакын адамдары эртели-кеч эскерип жоктоп, кошок кошуу салты орун алат. Кошокто ошол көзү өткөн адамдын жакшы сыпаттамаларын айтып жасап өткөн иштери жөнүндө баяндама берилет. Жакындары кошок кошпосо ыйлары, кошору жок экен деп осол сөз чыгарышкан. Мындай уяткаруу сөздөн сырткары болуу кыргыз баласынын парзы. Ошентип элибих дүйнө эшигин ыр менен ачып, ыр менен жапкан», – деди Калипа апа.

Калипа апа бата берүүнүн арты менен  президент Сооронбай Жээнбековдун колунан грамота алган. 

«Ал 2019-жыл 17-ноябрда биздин шаарга болгон иш сапарынын алкагында шаардагы Шопоков атындагы мектептин салынып бүтпөй калган корпусун көргөнү келип калды. Анан мектепте кантип сабак өтүлөт көрөйүнчү деп 1-кабаттан танышып баштаптыр. Дароо эле мен сабак берип жаткан окуу кабинетине ойдо жок жерден кирип келди. 8-класска «Манас» эпосун өтүп, кайталоо сабагын өтүп жаткам. Президентти ээрчип, бары эле кирип келишти. Президент саламдашып, «канча жылдан бери иштейсиз?» деп сурады. «40 жылдан ашты» деп жооп узаттым. Ошентип балдарга карап «Мына бул да болсо кудайдын буйругу. Кийин чоңойгондо «президент менен 8-класста жолукканбыз» деп айтып жүрөсүңөр. Келгиле ажобузду мен үйрөткөн баталардан берип узаталы» дедим.

Анан: 

«Калк башыбыз калыс болсун,

Коррупциядан алыс болсун.

Эл башыбыз калыс болсун,

Мафиядан алыс болсун.

Карылар барктуу болсун, 

Эмгек кайнап турсун, 

Береке жайнап турсун. 

Жайнаган берекенин ичинде

Эл-журтубуз менен аман болсун» деп бата берип узатсам бир аздан кийин дагы эшик тыкылдайт. Президенттин катчысы «эже аты-жөнүңүздү айтып коюңузчу» деп келиптир. Анан кийин мэр чакырып, «мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлдүңүз, документтерди даярдаңыз» деди. Ошентип облуска барсам, алар «эже президентти жакшы тааныйсызбы же катчысын тааныйсызбы?» деп сурашат. «Койгула, сыйлык мени өзү издеп келди.  Керек болсо мен бир ирет  бата берип эле алып жатам» деп тамашалап күлдүм. Ошентип жыл жыйынтыгында президенттин колунан ардак грамота, 10 миң сом алып келдим. Көрсө бул сыйлыкты эл 16-17 жылдан берип документ даярдап ала албай келгендер бар экен. Ошентип буйрук экен, батанын арты менен сыйлыктуу болдум», – деди ал. 

Мугалим көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 2006-жылы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган. Үй-бүлөдө 2 уул, 2 кыз, 10 неберенин энеси.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz