Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – АКШ президенти Дональд Трамп 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп жарыялады.
«Биздин көптөгөн союздаштарыбыз жана досторубуз 8-майды Жеңиш күнү катары белгилешет, бирок биз Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүүдө башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк иш жасаганбыз. Мен 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү, ал эми 11-ноябрды Биринчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп атайм.
Биз эки согушта тең жеңишке жеттик, эч ким бизге күчү, кайраттуулугу же аскердик чеберчилиги боюнча тең келе алган эмес. Бирок биз эч качан майрамдабайбыз, анткени бизде кантип майрамдоону билген лидерлер жок! Биз кайрадан жеңиштерибизди майрамдай баштайбыз!», – деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды