Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ, 27-апрелде Чүй облусунун Токмок шаарында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан текшерүү жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Мүрөк» мал базары жана анын территориясында жайгашкан объектилер жана коомдук тамактануучу жайлар пландуу санитардык кароодон өткөрүлгөн.
«Текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү санитардык нормаларды жана эрежелерди бузуулар аныкталды. Ушундан улам аларга санитардык буйруктар чыгарылып, талапты аткарууга убакыт берилди.
Санитардык талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынат жана кайра текшерүү жолу менен жүргүзүлөт. Санитардык талаптарды аткарбагандарга мыйзам чегинде административдик чаралар каралган.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын негизги максаты азык-түлүк коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу жана мүмкүн болгон тамак-аш ооруларын алдын алуу болуп саналат», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды