Главная страница » Токмок шаарында өлгөн малдарды көмүү көйгөйү чечилмей болду

Токмок шаарында өлгөн малдарды көмүү көйгөйү чечилмей болду

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында өлгөн малдарды көмүү боюнча жаңы беккари курулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токмок шаардык мал көмүлгөн жайда беккари чуңкурун куруу маселеси боюнча көчмө жыйын өттү.

«Жолугушуунун жүрүшүндө долбоордук чечимдер каралып, адистердин корутундулары талкууланып, долбоорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. Жыйынга кызыкдар кызматтардын жана уюмдардын компетенттүү өкүлдөрү катышты.

Негизи мурда иштеп жаткан беккариге өлгөн малдар көмүлүп келген. Бирок айрым талаптарга жооп берчү эмес. Мындан улам, бардык талаптарга жооп бергидей куруу пландалып жатат.

Учурда тиешелүү мекеме-уюмдардын чечими чыкса, архитектура долбоорун чийип бүтөт. Курулуш тендерге берилген соң июнь айынын башы менен башталат», – деп айтылат маалыматта.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz