Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Битум заводунун ээси экологияны бузганы үчүн айыпка жыгылды.
Токмок шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, битум заводунун ээсине экологияны бузганы үчүн айып салынган.
«Муниципалдык менчик башкармалыгынын экология боюнча адиси тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык битум заводунун ээси К.К.Ш.ны («Ис-саби» ЖЧК) таштандыларды уруксат берилбеген жерге таштаганы жана өрттөгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартты.
Тартип бузуучуга 170 эсептик көрсөткүч менен 17 00 сом өлчөмүндө административдик айып салынды», – деп айтылат маалыматта.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Ис-саби» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Конокбаев Каныбек Шаршебаевич. Компания 2024-жылы 20-июнда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: башка көмөкчү транспорттук иш-чаралар.
115-берене. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, үйүп салуу, өрттөө
1. Белгиленбеген жерлерге тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды таштоо, үйүп салуу – эскертүүгө же жеке жактарга 55 (5500 сом) эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 (17000) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды