Главная страница » Тоңдук А.Эсенбаев пульт менен башкарылган техникалары менен сынактарга катышууда

Тоңдук А.Эсенбаев пульт менен башкарылган техникалары менен сынактарга катышууда

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Азирет Эсенбаев 11 жашынан тарта пульт менен башкарылган техникалардын моделин жасап, сынактарга катышып келет. Ал ушул эле айылда 2010-жылы жарык дүйнөгө келген.

Азирет Эсенбаев учурда Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 8-класста окуйт. 

«Негизи кол өнөрчүлүккө, техникаларды жасоого өзүм эле кызыгып калгам. Эң алгачкыларды 11 жашымда жасап баштадым. Анда эң алгач жүк ташуучу унаанын макетин жасадым. Кийин пульт менен башкарылган трактор, тунел казгыч, поезд, робот, өрт өчүрүүчү техникаларды иштеп чыктым. Бул техникалардын моделин жасоого кол эмгек сабагынан берген агайым Дүйшөн Мааткеримов жардам берип, багыт берди. Буга керектүү материалдарды, инструменттерди сатып алам жана өзү жүрүү үчүн атайы кичинекей кыймылдаткычтарды колдоном. Мындан сырткары, сүрөт тартканды жакшы көрөм.

Менин бул өнөрүмдү ата-энем, бир туугандарым, класс жетекчим Гүлбүбү Көккөзова, мектеп директорубуз Таалайбек Мамытов колдоп, дайым багыт берип келишет» – деди ал.

Каарманыбыз кол өнөрчүлүгү жана сүрөт тартуу боюнча райондук, облустук, республикалык бир канча сынактарга катышып, алдынкы орундарды жеңип жүрөт. Ал үй-бүлөдө 4 бир тууган. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz