Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 27-28-апрель күндөрү Таластагы Киров суу сактагычына түнкү рейд уюштурулду, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, рейддин алкагында браконьерлер коюп кеткен ар кандай өлчөмдөгү 3000 метр синтетикалык тор алынды.
Рейдге Айтматов районунун аңчы-инспектору Медетбек Жаманкулов, корукчу Расул Темирбаев, коомдук инспектор Асхат Абдыганов жана жарандык активисттер катышты. Жыйналган торлор тиешелүү мекемеге өткөрүлдү.
Мындай иш-чаралар балык ресурстарын сактоого жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюуга багытталууда.
Кыргызстанда балык улоого 1-апрелден 15-июлга чейин убактылуу тыюу салынды. Мындай чечим уруктануу мезгилинде балыктын көбөйүшүнө шарт түзүү максатында кабыл алынды. Тыюу салган чара өлкөдөгү бардык сууларда, көлдөрдө, дарыяларда жана суу сактагычтарда колдонулат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды