Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Тайландда чет өлкөлүктөр үчүн визасыз режим 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылды.
Премьер-министр Чинават Пэтонгтарн айрым чет элдиктер мыйзамды бузуп, Тайландда жүрүү мөөнөтү ашып кеткени же мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталгандан кийин визасыз кирүү программасын кайра карап чыгууну тапшырды. Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Туризм жана спорт министрлигине программанын кесепеттерин изилдөө жана туризмди өнүктүрүү максатына ылайык келтирүү маселесин кайра карап чыгуу тапшырылды.
Буга чейин 93 өлкөнүн жана аймактын жарандары Тайландда визасыз 60 күнгө чейин жүрө алышчу. Ошондой эле дагы 30 күнгө узартуу мүмкүнчүлүгү бар болчу.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды