Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу Хан Док Су отставкасын жарыялаганын «Рёнхап» агенттиги билдирди.
Ал 2025-жылдын 3-июнунда өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуп катыша турганын айтты.
Хан мурдагы президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялангандан кийин президенттин милдетин аткаруучу болгон. Оппозиция импичмент демилгесин Юн Сок Ёл жана анын жубайы Ким Гон Хиге карата иликтөө жүргүзүү боюнча мыйзам долбоорлорун өкмөт карабай койгонуна байланыштуу баштаган. Ким Гон Хи коррупцияга шектелип жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды