Главная страница » Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга келет

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга келет

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бүгүн, 27-апрелде Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

29-апрелге чейин улана турган расмий сапардын алкагында Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган документке кол коюлары күтүлүүдө.

Мындан тышкары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландалган.

Бул Нуман Куртулмуштун Кыргызстандагы алгачкы расмий сапары болот.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz