Главная страница » Түркиянын бийлиги баш кошо турган жуптарга жеңилдиктерди киргизүүдө

Түркиянын бийлиги баш кошо турган жуптарга жеңилдиктерди киргизүүдө

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Түркиянын Үй-бүлө, социалдык кызмат министрлиги өлкөдө баш кошо турган жуптарга жеңилдик максатында 20 жеке компания менен макулдашууга жетишти.

Өлкөнүн министри Махинур Өздемир Гөкташ маалымдагандай, эмерек, текстиль, турмуш-тиричилик техникаларын, идиш-аяк жана кийим-кече сатуу менен алектенген ири соода компаниялар болочоктогу жубайларга өз товарларын 35%га чейин арзандатып сатат. Соода кылар алдында жарандар «e-Devlet» мамлекеттик порталынан бир жолку сыр сөздү алып, соода кыла турчу жерге көрсөтүүсү керек.

Коомдо инфляциядан улам өлкөдөгү абал ушундай деңгээлге жетип калганына нааразычылыктар, ошондой эле компаниялар атайылап бааны көтөрүп, кайра арзандатып, өз наркына сатат деген пикирлер айтылууда.

Түркияда 2025-жыл үй-бүлө жылы деп жарыяланып, анын алкагында үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча түрдүү программалар иштелип чыккан. Баш кошкон жаш жубайларга 2 жылдык жылдыруу менен 150  000 лира (3 900 доллар) пайызсыз насыя бериле баштаган.

Өлкөдө акыркы жылдары калк картаюунун босогосунда тургандыгы тууралуу коңгуроо кагылып келет.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz