Главная страница » Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов тууралуу учурда эмне белгилүү?

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов тууралуу учурда эмне белгилүү?

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Түркияда кармалган 32 жаштагы математика мугалими Азамат Нурматовдун (Азамат Нурмат уулу) жубайы Ирзван Пахридин кызы «АКИpress» агенттигине жолдошунун маселеси боюнча сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын айтып берди.

«Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Азамат менен телефон аркылуу сүйлөшүү күтүлүп жатканын айткандан кийин, биз дароо министрликке келдик. Бирок телефон чалуу болгон жок, анткени жолдошума жактоочу кириши керек экен. Ал эми жактоочу менен келишим түзүлө элек. Бизге аны элчилик тапты, бирок анын кызматына төлөш керек. Буга чейин министрлик сунган жактоочу Азамат менен жолугушканын, ден соолугу жакшы экенин, тынч экенин айткан. Эми ишти жылдыруу үчүн өзүбүз жактоочу жалдашыбыз керек», – деп маалымдады ал.

Анын айтымында, Азамат Кызыл-Кыядагы И.Раззаков атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү. 2016-2017-жылдары Азамат Газиантеп университетинде окуп, окуу жайдын жатаканасында жашаган. 2016-жылы каникулга Кыргызстанга келген, ошол эле жылы Түркияга барган, 2017-жылдан бери Кыргызстанда жашап келген.

«Министрликтин өкүлүнө ал “WhatsApp” мессенджериндеги топтун мүчөсү болгон деп билдиришкен. Миллиондогон адамдар мессенджерлердеги топтордун мүчөлөрү, бир кезде жатаканада жашашкан. Бул аларды кылмышкер кылабы?» – деп белгиледи Ирзван Пахридин кызы.

«2025-жылдан тарта «Сапат» лицейлер тармагы «Маариф» фондуна өттү. Бул мезгилде жаңы жетекчилик мугалимдердин жана окуучулардын коопсуздугу тууралуу тактап, сураган. Анткени көп жылдар бою «Сапат» гүленчилер менен байланыштырылып келген. Анда «Маарифтин» жетекчилиги Түркияда эч кандай тоскоолдук болбой турганын билдирген. Менин жолдошум буга ишенип барган. Тышкы иштер министрлиги же Билим берүү министрлиги менен Антальяда өтүүчү математика боюнча эл аралык олимпиадага баруусун макулдашкан эмес», – деп билдирди Азамат Нурматовдун жубайы.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы лицейдин математика мугалими Азамат Нурматов 19-апрелде Түркияга 7 окуучусу менен барып, Стамбул аэропортунан дайынсыз жоголгону кабарланган. Алар Антальяда өтүүчү математика боюнча эл аралык олимпиадага учуп келишкен.

Кийинчерээк анын аэропорттон кармалганы белгилүү болгон. Андан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчилигинин консулуна мугалимдин кармалышына байланыштуу вербалдык нота тапшырган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz