Главная страница » Түндүк Корея аскерлерин Россияга жөнөткөнүн биринчи жолу тастыктады

Түндүк Корея аскерлерин Россияга жөнөткөнүн биринчи жолу тастыктады

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Түндүк Корея өз ара коргонуу келишиминин алкагында Россияга Украинадагы жаңжалда колдоо көрсөтүү үчүн аскер кызматкерлерин жөнөткөнүн расмий түрдө биринчи ирет тастыктады. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги (ЦТАК) билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, аскерлер Россияга бир нече ай мурда Курск облусунун чек арасындагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн жөнөтүлгөн.

«Украина бийлигинин Россия Федерациясынын аймагына жасаган авантюристтик кол салуусун жоюу үчүн Курск аймагын бошотуу операциясы ийгиликтүү аяктады», – деп билдирди Түндүк Кореянын агенттиги.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Курск облусуна жөнөтүлгөн түндүк кореялык аскер кызматкерлерин баатыр деп атады. Ал эми алардын Россиянын аймагын бошотуу операциясына катышуусун «ыйык миссия» деп сыпаттады. Ошондой эле Пхеньянда алардын урматына эстелик тургузула турганын кошумчалады.

2024-жылдын июнь айында Россиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюшкан. Анын төртүнчү беренесинде эгерде өлкөлөрдүн бири куралдуу кол салууга дуушар болсо, бардык жеткиликтүү каражаттар менен токтоосуз колдоо көрсөтүү маселеси каралган.

2024-жылдын күзүндө жалпыга маалымдоо каражаттары Курск облусуна 10 миңден ашуун түндүк кореялык аскер кызматкерлери жайгаштырылганы тууралуу билдиришкен.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz