Главная страница » Сузактык Гүлсүн Шакирова 40 жылдан бери кийизден буюмдарды жасап келет

Сузактык Гүлсүн Шакирова 40 жылдан бери кийизден буюмдарды жасап келет

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Калмак-Кырчын айылынын тургуну 75 жаштагы Гүлсүн Шакирова кол өнөрчүлүк менен алектенип келе жатканына 40 жылга жакындап калды. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Гүлсүн Шакирова облустагы ар кандай кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрүнө активдүү катышып келет. Быйылкы жылдын кыш мезгилин дагы жөн өткөрбөй жиптен ар кандай кооздуктагы сумкаларды, күнүмдүк ашканага керектелүүчү буюмдарды жасаган. Негизинен кийизден ар кандай кийим-кечектерди, төшөнчүлөрдү, ала кийиз, шырдактарды жасайт. 

«Кол өнөрчүлүк менен 1987-жылдан бери алектенип келем. Биринчи курак куроо менен баштагам. Андан кийин кийизден ар кандай буюмдарды жана шырдак жасоого өттүм. Негизи мен башкалардын жасаган буюмдарына көп кызыга бербейм, карабайт деле экенмин. Бирөөнүн эмгегин уурдагым да келбейт. Мен өз алдымча эле өзүмдүн билгениме жараша жасай берем. Жиптерге түс берүүнү да зерикпей чыгарам. Түстөрдүн айкалышуусун деле бара-бара үйрөнүп каласың», – дейт кол өнөрчү.

Мурун кийиздерден жүн чыга берип ыңгайсыздык жаралчу. Азыр баары заманбап болуп, жүндөр да жакшырган.

«Акыркы жылдары эл кайрадан шырдамалга буйрутма берип калышты. Мурда уяң жүн болбогондуктан шырдамалдан кылдар чыга берчү. Азыр уяң жүндөн жасап калдык. Жүндү атайын Бишкектен  алдырам, жакшы жүн туш келип калса өзүм даярдайм. Айрыкча бизде жүн табуу оңойго турбайт», – дейт ал. 

Каарманыбыз алыскы аймактарга көргөзмөлөргө барып калса, шырдамалдарын алып барбайт, жеңил буюмдарын гана көргөзүп келет.

«Негизи колдун эмгеги кымбатыраак бааланышы керек да. Жасаган, токуган буюмдарынды “кымбат экен” деп кетишет. Адамдын мээнетин баалагысы келбегендер болот. Ага кээде жаның кашайып кетет», – дейт Гүлсүн Шакирова. 

Гүлсүн Шакированын 2 боз үйү бар. Республикалык ар кандай мааракелерге да анын боз үйлөрү тигилет. Облусттагы саамалыктарда да алынып келинет.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz