Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Сузак районуна караштуу Чокмор айылында салынып жаткан 57 орундуу төрөт бөлүмү менен балдар ооруканасында курулуш иштери дээрлик аяктап калды.
Маалым болгондой, учурда айланасын асфальттоо, жашылдандыруу, түнкү чырактар коюу иштери жүрүп жатат. Төрөт бөлүмүндө 6 төрөт залы жана операциялык 2 блок болот.
Аталган объекттин курулушу 2023-жылдын март айында башталган. Жалпы 7 гектардан ашуун жер аянтын ээлейт. Жумуштар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Жалал-Абад көчмө механикалаштырылган отряды» тарабынан аткарылууда. Оорукана жеке демөөрчүлөр тарабынан курулуп жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды