Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында майып жарандар үчүн реабилитациялык борбор курулуп жатат. Бул тууралуу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Мамытов билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштери 2 айдын ичинде аягына чыгып калат.
«Районубузда майыптыгы бар жарандардан куралган «Асыл-Ай» коомдук бирикмекси көп жылдардан бери райондо майыптыгы бар адамдар үчүн калыбына келтирүүчү борбор куруу зарылчылыгы бар экенин айтып, кайрылып келет. Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынын көмөгү менен райондун Жыгач-Коргон айылынан жер тилкеси бөлүнүп, эл аралык уюмдардын көмөгү менен курулушу башталган. Ушул тапта имараттын дубалы көтөрүлүп калды. Курулушчулар 2 айдын ичинде реаблитатциялык борбор толугу менен курулуп бүтөрүн айтышты», – деди ал.
«Асыл-Ай» коомдук бирикмексинин жетекчиси Жумакан Жаркулова борбордо жарандар ден соолугун калыбына келтирип гана тим болбой, кол өнөрчүлүктү да өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болоорун айтты.
«Калыбына келтирүүчү борбор куруу боюнча 2012-жылдан бери маселе көтөрүп келебиз. Бул сунушубуз быйыл колдоо таап, иштер жүрүп жатат. Мындагы борбор ишке кирсе 8 киши иш менен камсыз болуп, майыптыгы бар жарандар келип саламаттыгын калыбына келтирүү менен бирге кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп же компютер үйрөнүп кошумча каражат таап, коомчулук менен аралашып кетүүгө мүмкүнчүлүк алат», – деди ал.
Жалал-Абад облусунда 51 миңден ашуун ден соолугунан майыптыгы бар жаран бар. Ал эми Сузак районунда 13 миңден ашуун майыптыгы бар жаран мамлекеттен жөлөк пул алып келет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды