Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Түркиянын полициясы Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу кармалган ишти тергөөнүн алкагында экинчи операцияны жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен дагы 30 адам кармалып, алардын ичинен 18 фигурант соттун чечими менен камакта калтырылды. Бул маалыматты «Haberturk» жарыялады.
Экрем Имамоглу ээлеген кызматынан убактылуу четтетилгенин өлкөнүн Ички иштер министрлиги 23-мартта билдирген. Ал бул чечимден 4 күн мурда кармалган.
«Экрем Имамоглу жеке маалыматтарга мыйзамсыз ээ болуу, акча алуу жана тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузууларга байланыштуу кармалды. Камакка алынгандан кийин Конституцияга ылайык мэрдин кызматтарын аткаруудан убактылуу бошотулду», – деп айтылат расмий маалыматта.
Бул ишке байланыштуу Бийликдүзү муниципалитетинин башчысы Мехмет Мурат Чалык жана Шишли районунун башчысы Эмрах Шахан да кармалды. Ал экөө да ээлеген кызматынан убактылуу бошотулган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды