Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 4-майда милицияга Жайыл районунун Сосновка айылында жашы жете элек бала топту алууга аракет кылганда каналга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Чүй облустук милициясы билдиргендей, окуя болгон жерге Жайыл РИИБдин кызматкерлери барган.
Тактап айтканда Кара-Балта шаарындагы мектептин окуучулары класс жетекчи жана бир нече ата-эне менен биргеликте сыртка чыгышкан. Эс алуу учурунда окуучулардын бири — 2010-жылы туулган бала каналдан топту алууга аракеттенип, бирок сууга түшүп кетип, чөгүп кеткен.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды