Главная страница » Синоптик абанын температурасы эмне себептен кескин төмөндөгөнүн айтты

Синоптик абанын температурасы эмне себептен кескин төмөндөгөнүн айтты

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Аба ырайынын кескин өзгөрүшү Борбор Азия аркылуу өткөн суук атмосфералык фронттун келишине байланыштуу. Бул тууралуу «АКИpress′ке» Кыргызгидрометтин метео болжолдоо бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова билдирди.

Синоптик белгилегендей, абанын температурасы төмөндөп, шамал күчөп, айрым жерлерде жаан-чачын болот.

«Мындай аба ырайынын кескин өзгөрүшү жаз мезгилинде көп кездешет – өтмө мезгил аба массаларынын тез-тез алмашуусу менен мүнөздөлөт. Кечээ күнү Кыргызстандын аймагында жылуу түштүк агымы басымдуулук кылып, Чүй өрөөнүндө абанын температурасы +30…+36 градуска чейин жеткен, бирок фронттун келиши менен аба массасы суук абага алмашты», – деп түшүндүрдү ал.

Дооранованын айтымында, мындай салкын аба ырайы жакынкы 2-3 күндүн ичинде сакталат. Андан кийин, фронттун кетиши жана түштүк агымдын калыбына келиши менен температура акырындык менен жогорулай баштайт.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz